# 4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы, айкындыгы жана маалымдуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 4-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-4

---

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөндөн башка учурларда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө ар кандай чектөөлөрдү коюуга тыюу салынат.

3. Маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган негиздер боюнча гана жүйөлөнүүгө жана негизделүүгө тийиш.

4. Маалыматка жетүүгө чектөө коюуга негиз болгон чечим менен тааныштыруудан баш тартуу мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн болгон маалыматтарды камтыган документтердин жана материалдардын андай маалыматтарды камтыбаган бөлүктөрүндө гана берилет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-5)
