# 33-статья. Уюштуруу кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 7-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174796..1174797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 33-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-33

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:

- өздөрүнүн курамында калкка маалыматты берүүнү түздөнтүз камсыз кылуу милдеттери жүктөлгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү уюштурушат жана жооптуу адамдарды дайындашат;

- ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруунун тартиби жаатында, анын ичинде маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптын маңызын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштөө режимин, расмий маалымат фонддору менен таанышуу тартибин тактоо жаатында телефон аркылуу акысыз кыскача маалымдамаларды берүү мүмкүнчүлүгүн уюштурушат.

2. Соттордун карамагында турган маалыматка жетүүнү камсыз кылууну контролдоону соттордун төрагалары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырат. Маалыматка жетүүнү камсыз кылууну контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби соттордун ички ишинин маселелерин жөнгө салган актылар менен белгиленет.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-34)
