# 32-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 6-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174796..1174797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 32-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-32

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык жана башка шарттарды түзүүгө;

- ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон маалыматтарды камтыган расмий документтерди, алар кабыл алган актыларды, ошондой эле өздөрү укук мураскери болуп саналган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын актыларын белгиленген мөөнөт ичинде сактоого;

- берилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын камсыз кылууга;

- расмий документтерди элге жарыялоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин сактоого.

2. Эгерде берилген маалыматтар так эмес же толук эмес маалыматтарды камтыса, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары маалыматты сураган адамдын жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү арызы боюнча, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок арызды алгандан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирбестен, берилген маалыматтарды тактоого же толуктоого милдеттүү.

3. Мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрү жалпыга жеткирүүгө милдеттүү болгон расмий документтердин реестрин жүргүзүшөт. Реестр ар бир чыгарылган документтин аталышын, кабыл алынган күнүн, номерин жана аны элге жарыялоо жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Ресстрди жүргүзгөн органдар бул реестрге карата башка милдеттүү талаптарды белгилей алышат.

4. Иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган бардык соттук актылар жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү соттор үчүн он күндүн ичинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн он беш күндүн ичинде Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.

5. Жетүүсү чектелген соттук актыларды кошпогондо, Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актылар, адистештирилген сайтта күнү-түнү акысыз жетүү үчүн ачык болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-33)
