# 31-статья. Маалымат тутумдарындагы маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 6-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 130 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/111637)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174799..1174800>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 31-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-31

---

1. Маалымат тутумдарындагы маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарын электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментине кошушат;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарындагы маалыматтарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Интернеттеги сайттарында ачык маалыматтар форматында жайгаштыруу ну уюштурушат;

- жарандар жана уюмдар үчүн оңой жеткиликтүү жерлерде: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын имараттарында, мамлекеттик жана муниципалдык китепканаларда, почта бөлүмдөрүндө жана мыйзамдарда аныкталган башка жерлерде Интернетке туташтырылган абоненттик пункттарды түзүшөт;

- суроо-талаптарды алуу жана суралган маалыматты берүү үчүн электрондук почта дарегин бөлүп беришет;

- расмий серверде (сайт, порталда) жайгаштырылган маалыматтын мазмуну, тактыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартышат.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде ушул документтер үчүн бардык маалым даректердин көрсөтүлүшү милдеттүү. Маалымат электрондук түрдө берилген учурда анын тактыгы электрондук кол тамга же мыйзамда бекитилген учурларда жана тартипте башка электрондук ыкма менен ырасталат.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-32)
