25-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Интернеттеги сайттары
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 4-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2017 года № 130
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалыматтарын жайгаштыруу үчүн Интернетте сайттарды түзүүгө милдеттүү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайты дегенде Интернет аркылуу аларга жетүү жүзөгө ашырылган жана "KG" домен зонасындагы бир дарек менен бириктирилген маалыматтардын жыйындысы түшүнүлөт.
2. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайтында ушул Мыйзамдын 16-статьясында каралган маалымат жайгаштырылат.
3. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайты сайтта жайгаштырылган материалдар жана документтер менен акысыз таанышууну жана акысыз электрондук көчүрүүнү камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик органдын (жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын) Интернеттеги сайтында жайгаштырылган документтердин жана башка расмий маалыматтардын электрондук версияларынын аныктыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары сайттарды түзүүгө жана колдоого адистештирилген уюмдарды келишимдик негизде тартууга укуктуу. Адистешкен уюм тарабынан камсыз кылынган маалыматтын тууралыгы, толуктугу жана актуалдуулугу жана ушул Мыйзамдын башка талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жоопкерчилик тартат.
5. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагындагы колдонуудагы бардык ченемдик укуктук актылардын толук тизмегин жана тексттерин камтыган расмий маалыматтардын борбордоштурулган тутумун түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылат. Расмий маалыматтардын борбордоштурулган тутумуна жетүү ушул статьяда белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайты аркылуу жүзөгө ашырылат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2017 года № 130 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики")Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-25" title="25-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>