# 23-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддорунун коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 4-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 23-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-23

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддорун түзөт.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддоруна жеткиликтүүлүк жарандарды аларды тийиштүү орган жайгашкан жерде түздөнтүз өздөрүн тааныштыруу жолу менен камсыз кылынууга тийиш.

3. Укуктук актылар, башка документтер жана материалдар расмий маалымат фондуна киргизилет жана аларга кол коюлган же тийиштүү документтерди жана материалдарды кароого байланышкан актыларга кол коюлган күндөн тартып, бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн жеткиликтүү болуп калат.

4. Купуя маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн ал документтер менен материалдардын жеткиликтүүлүгү чектелген бөлүгүн аныктоочу экспертиза жүргүзүлөт. Документтер менен материалдардын купуя маалыматты камтыбаган бөлүктөрү тийиштүү документке кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн даярдалууга жана жеткиликтүү болууга тийиш. Коомчулукка тааныштыруу үчүн даярдалган документте же материалда эксперттин фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.

5. Документтер менен материалдарды алууну камсыз кылуу максатында таанышуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында көктөмөлөр, ошондой эле документтер менен материалдардын көзөмөлдүк нускалары бар көктөмөлөр түзүлөт. Көктөмөдөгү документтер менен материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Таанышуу үчүн түзүлгөн көктөмөлөрдө камтылган документтер менен материалдар кеминде айына бир жолу тизмелөөдөн өткөрүлөт. Зарыл документтерди издөөнү ыңгайлаштыруу үчүн тизме көктөмөлөрдө жайгаштырылат. Документтер менен материалдардын көктөмөлөрүнүн тизмесинин маалыматтары каталогдорго бириктирилиши мүмкүн.

6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары көктөмөдө камтылган документтер менен материалдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптарды белгилөөгө милдеттүү.

7. Көктөмөлөр менен иштөө үчүн документтер менен материалдардан үзүндүлөрдү алууга, ошондой эле алардан көчүрмө жасоого мүмкүндүк берүүчү шарттары бар атайын орундар жабдылат. Документтер менен материалдарды көчүрүүгө берүүнүн шарттарын жана тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары белгилейт.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-24)
