Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
201-статья. Маалыматты таратууну камсыз кылуу боюнча соттордун милдеттери
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 3-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 152
1. Соттор өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат жана элге жарыялоого милдеттүү:
1) соттун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жана соттун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка актылардын тексттерин;
2) сотко кайрылууда пайдаланылуучу документтердин формасына жана мазмунуна карата коюлуучу талаптарды жана (же) бул документтердин үлгүлөрүн, көрсөтүлгөн документтерди сотко берүүнүн тартибин;
3) сотто каралууга жаткан иштердин категориялары боюнча мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби жөнүндө маалыматтарды;
4) соттук жыйналышты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен, сотто турган иштерди угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды;
5) соттук актыларга даттануу тартибин;
6) эл аралык укуктук мамилелерге байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоо тартибин;
7) соттор тарабынан ишти кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөнү, жалпылоону жана баяндамаларды, соттордун иши жөнүндө баяндамаларды;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун, илимий-консультациялык кеңештердин, Судьялардын окуу борборунун иштери жөнүндө маалыматтарды;
9) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын басылмаларынын электрондук версияларын;
10) соттун бюджети, анын чыгымы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды;
11) соттордун жетекчилеринин жана соттордун расмий делегацияларынын расмий визиттери жана жумушчу сапарлары жөнүндө маалыматтарды.
2. Соттун расмий сайтында, ал эми ал болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине ар кандай кийлигишүү, анын ичинде судьяга кандай формада болбосун сатып алуу, коркутуу, ошондой эле процесстен тышкары кайрылуунун башка формаларында кысым көрсөтүү жолу менен кийлигишүү жөнүндө маалымат жайгаштырылат.
Конкреттүү соттук иш же соттун (судьянын) өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки формада келип түшкөн кайрылуу, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, башка органдын, уюмдун, кызмат адамынын же жарандын кайрылуусу же болбосо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик мыйзамдарда каралбаган формадагы кайрылуусу процесстен тышкары кайрылуу деп түшүнүлөт. Процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
27.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Маалыматты таратууну камсыз кылуу боюнча соттордун милдеттери 1. Соттор өздөрүнүн расмий сайттарына төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат жана элге жарыялоого милдеттүү: 1) соттун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жана соттун ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка актылардын тексттерин; 2) сотко кайрылууда пайдаланылуучу документтердин формасына жана мазмунуна карата коюлуучу талаптарды жана (же) бул документтердин үлгүлөрүн, көрсөтүлгөн документтерди сотко берүүнүн тартибин; 3) сотто каралууга жаткан иштердин категориялары боюнча мамлекеттик алымдардын өлчөмү жана аларды төлөө тартиби жөнүндө маалыматтарды; 4) соттук жыйналышты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун көрсөтүү менен, сотто турган иштерди угууга дайындоо жөнүндө маалыматтарды; 5) соттук актыларга даттануу тартибин; 6) эл аралык укуктук мамилелерге байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоо тартибин; 7) соттор тарабынан ишти кароонун соттук практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөнү, жалпылоону жана баяндамаларды, соттордун иши жөнүндө баяндамаларды; 8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун, илимий-консультациялык кеңештердин, Судьялардын окуу борборунун иштери жөнүндө маалыматтарды; 9) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын басылмаларынын электрондук версияларын; 10) соттун бюджети, анын чыгымы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды; 11) соттордун жетекчилеринин жана соттордун расмий делегацияларынын расмий визиттери жана жумушчу сапарлары жөнүндө маалыматтарды. 2. Соттун расмий сайтында, ал эми ал болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун расмий сайтында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча судьянын ишине ар кандай кийлигишүү, анын ичинде судьяга кандай формада болбосун сатып алуу, коркутуу, ошондой эле процесстен тышкары кайрылуунун башка формаларында кысым көрсөтүү жолу менен кийлигишүү жөнүндө маалымат жайгаштырылат. Конкреттүү соттук иш же соттун (судьянын) өндүрүшүндө турган материал боюнча соттун төрагасына, анын орун басарына же судьяга жазуу жүзүндө же оозеки формада келип түшкөн кайрылуу, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, башка органдын, уюмдун, кызмат адамынын же жарандын кайрылуусу же болбосо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын процесстик мыйзамдарда каралбаган формадагы кайрылуусу процесстен тышкары кайрылуу деп түшүнүлөт. Процесстен тышкары кайрылуулар жөнүндө маалыматты элге жарыялоо тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-201" title="201-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>