# 2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431); 19.02.2013 [Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203829)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174796..1174797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 2-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-2

---

1. Ушул Мыйзам жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, туруктуу негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, ошондой эле толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган, милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууну жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылган уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын ишмилдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик мамлекеттик органдар катары таанылат. Өкүлчүлүктүү, аткаруучу жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү жамааттар тарабынан түзүлгөн органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишмилдеттерин же иш милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары катары таанылат. "Мамлекеттик орган" жана "жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы" терминдери ар кандай мекемени, анын толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк бирдигин жана мамлекеттик бийликти же жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ишмилдеттерин аткаруу менен байланышпаган саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелерин, маалыматтык, статистикалык, консультациялык, кредит берүү боюнча мекемелери да камтылат.

3. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылганда келип чыгуучу мамилелерге; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүсүнө байланышкан мамилелерге; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алуу чектелген маалыматтарды берүү менен байланышкан мамилелерге. (КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-3)
