Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 152
1. Ушул Мыйзам жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык, туруктуу негизде уюшулган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтердин иш милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген, ошондой эле толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган, милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууну жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылган уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын ишмилдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бирдик же түзүмдүк бирдик мамлекеттик органдар катары таанылат. Өкүлчүлүктүү, аткаруучу жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү үчүн жергиликтүү жамааттар тарабынан түзүлгөн органдар, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишмилдеттерин же иш милдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары катары таанылат. "Мамлекеттик орган" жана "жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы" терминдери ар кандай мекемени, анын толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган аймактык бөлүмчөсүн же түзүмдүк бирдигин жана мамлекеттик бийликти же жергиликтүү өзалдынча башкаруунун ишмилдеттерин аткаруу менен байланышпаган саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелерин, маалыматтык, статистикалык, консультациялык, кредит берүү боюнча мекемелери да камтылат.
3. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылганда келип чыгуучу мамилелерге; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүсүнө байланышкан мамилелерге; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алуу чектелген маалыматтарды берүү менен байланышкан мамилелерге. (КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
27.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…да камтылат.
3. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
кошулду: ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо, жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу … менен байланышкан мамилелерге.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № алынып салынды: 22 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 22, 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>