# 19-статья. Маалыматтык материалдарды элге жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 19-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлик органдарынын түзүмү жана алардын иштөө тартиби жөнүндө топтолгон маалыматтык материалдарды элге жарыялайт. Топтолгон маалыматтык материалдарда мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн сыпатталышы, анын ичинде алардын негизги ыйгарым укуктары жана тескөөчү иштери, ошондой эле жетекчи кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин фамилиялары, алардын жумушчу телефоидору, кызматтык даректери, калк менен иштөө режими камтылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшыруусу боюнча башка аткаруу бийлик органы тарабынан маалымдама (жыйнак) түрүндөгү расмий маалыматтык материалдарды элге жарыялоо каржыланат. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары расмий маалымдама басылмаларда башка мамлекеттик органдардын иш чөйрөсү, аталыштары жана даректери, ошондой эле коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык консультациялар, нотариустар, китепканалар, окуу жайлары, коммуналдык кызматтар, ишинин максаты жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, тейлөө болуп саналган жана башка уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылат. Расмий маалыматтык басылмалардын кайра басыла турган мөөнөтү аларда камтылган маалыматтардын актуалдуулугунун сакталып турушуна жараша эсептелет. Маалымдамалардын нускасы мурдагы басылышында таратылган санына негизделүү менен аныкталат. Маалымдамалар жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарын чекене сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү болууга тийиш.

---

Мурунку берене: [182-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-182)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-20)
