19-статья. Маалыматтык материалдарды элге жарыялоо
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 3-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлик органдарынын түзүмү жана алардын иштөө тартиби жөнүндө топтолгон маалыматтык материалдарды элге жарыялайт. Топтолгон маалыматтык материалдарда мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмдөрүнүн сыпатталышы, анын ичинде алардын негизги ыйгарым укуктары жана тескөөчү иштери, ошондой эле жетекчи кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин фамилиялары, алардын жумушчу телефоидору, кызматтык даректери, калк менен иштөө режими камтылат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын тапшыруусу боюнча башка аткаруу бийлик органы тарабынан маалымдама (жыйнак) түрүндөгү расмий маалыматтык материалдарды элге жарыялоо каржыланат. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары расмий маалымдама басылмаларда башка мамлекеттик органдардын иш чөйрөсү, аталыштары жана даректери, ошондой эле коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык консультациялар, нотариустар, китепканалар, окуу жайлары, коммуналдык кызматтар, ишинин максаты жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, тейлөө болуп саналган жана башка уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылат. Расмий маалыматтык басылмалардын кайра басыла турган мөөнөтү аларда камтылган маалыматтардын актуалдуулугунун сакталып турушуна жараша эсептелет. Маалымдамалардын нускасы мурдагы басылышында таратылган санына негизделүү менен аныкталат. Маалымдамалар жалпыга маалымдоонун басылма каражаттарын чекене сатуу түйүндөрүндө жеткиликтүү болууга тийиш.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>