# 182-статья. Соттук актыларды элге жарыялоого карата негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174796..1174797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-182>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-182.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 182-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-182

---

1. Иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган жана эл алдында жарыяланган соттук актылардын тексттери жалпыга жеткиликтүүлүк үчүн ачык жана ушул статьянын 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган талаптарды эске алуу менен жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин жана корутундуларынын тексттери толук көлөмдө элге жарыяланат.

2. Жалпыга жеткиликтүүлүк үчүн ачык соттук актылардын тексттеринде жакты (жеке жана юридикалык жакты) идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар жарыяланбайт. Мындай маалыматтар инициалдар, литердик же санариптик белгилер менен алмаштырылат.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

1) жеке адамдардын аты, атасынын аты, фамилиясы;

2) жарандардын (жеке жактардын) жашаган же турган жеринин дареги, телефондорунун же башка байланыш каражаттарынын номерлери, электрондук почтасынын даректери;

3) паспорттук маалыматтар, жеке номерлер (коддор) жана жеке жактардын жарандык абалынын актыларынын жазууларына тийиштүү маалыматтар;

4) транспорт каражаттарынын техникалык паспортунун маалыматтары;

5) ага каршы соттук талаптар сот тарабынан мыйзамсыз жана негизсиз деп таанылган юридикалык жактын аталышы жана идентификациялык номери;

6) жакты идентификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү башка маалымат.

4. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтарга төмөнкүлөр кирбейт:

1) соттук актыны кабыл алган судьянын же соттук коллегиянын курамынын фамилиясы жана инициалдары;

2) эгерде прокурор жана адвокат соттук териштирүүгө катышса, алардын фамилиялары жана инициалдары;

3) өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу менен соттук териштирүүгө катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын фамилиялары жана инициалдары;

4) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган жарандардын (жеке жактардын) аты-жөнү (бар болсо), фамилиялары;

5) юридикалык жакка каршы соттук талаптар сот тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган юридикалык жактын аталышы жана идентификациялык номери.

5. Соттук актылардын реквизиттерин, киришүү жана резолюциялык бөлүктөрүн кошпогондо, териштирүү жабык соттук жыйналыштарда жүргүзүлгөн иштер боюнча чыгарылган соттук актылардын тексттери элге жарыялоого жатпайт.

6. Териштирүү жарым-жартылай жабык соттук жыйналыштарда каралган иштер боюнча чыгарылган соттук актылардын тексттеринде жабык соттук жыйналыш үчүн негиз болуп саналган маалыматтар элге жарыяланбайт.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-181)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-19)
