# 181-статья. Соттук актыларды элге жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174796..1174797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 181-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-181

---

1. Ар бир адам иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган жана сот тарабынан эл алдында жарыя кылынган соттук актыларды кандай ыкма менен болсо да, анын ичинде аларды басма сөз басылмаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жыйнактарды же маалыматтардын электрондук базаларын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жарыя кылууга укуктуу.

2. Эгерде бул басылманын максатын актаса, соттук актылар кыскартылган түрдө жарыяланышы мүмкүн.

3. Соттук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды басма сөз басылмаларында жарыялоо кошумча күбөлөндүрүүсүз жүргүзүлөт.

4. Соттук актынын кандай гана болбосун цитата келтирилген тексти анын мазмунун бурмалоого тийиш эмес.

5. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды жарыялоо ушул Мыйзамдын башка талаптарына да жооп берүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-18)  
Кийинки берене: [182-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-182)
