# 18-статья. Иштин жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык баяндамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203829)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174794..1174795>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 18-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-18

---

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын элине ар жылдык кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө баяндамаларын элге жарыялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан камсыз кылынат.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары отчеттук мезгил ичиндеги өз иштери жөнүндө баяндамаларды элге жарыялайт, аларда отчеттук мезгил ичинде социалдык-саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап айтканда төмөнкүлөр: бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү, рыноктун айрым секторлору боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн көлөмү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, калктын миграциясы, экология, ошондой эле иштердин башка маанилүү багыттары чагылдырылат.

(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-17)  
Кийинки берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-181)
