# 17-статья. Учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 3-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111505)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174797..1174798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 17-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-17

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө тиешеси бар расмий маалыматтарды элге жарыялайт:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кызматка киришүүсүнө же кызматтан бошотулушуна;

2) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кабыл алууга, республикалык жана жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын, анын ичинде коммуналдык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн жана төлөө тартибин өзгөртүүгө;

3) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алууга;

4) жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;

5) толугу менен же жарым-жартылай четөлкөлүк юридикалык жактын менчигинде турган объекттерди курууга байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;

6) эларалык келишимдерди түзүүгө жана аларды аткаруунун жүрүшүнө;

7) адамдардын өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн көрүлгөн чараларга.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоонун басылмалык, аудиовизуалдык каражаттарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө башка маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө укуктуу.

3. Социалдык маанилүү чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар алар жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалык, аудиовизуалдык ресурстарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен милдеттүү тартипте түшүндүрүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-18)
