# 15-статья. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 15-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-15

---

1. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн төмөнкү негиздер болгон учурда баш тартылышы мүмкүн:

1) суратылган маалыматтар мыйзамдардын жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын негизинде алууга чек коюлган маалыматтардын категориясына киргизилген документтердин бөлүктөрүндө камтылса;

2) суроо-талап ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарды бузуу менен түзүлсө;

3) бир эле маселе боюнча ошол адамдын суроо-талабы борбордук органдын же анын ведомстволук бөлүмүнүн кароосунда турса, ошондой эле мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында же алардын ведомстволук бөлүмдөрүндө тийиштүү документтер болбосо жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык алардын болушу милдеттүү болбогон учурларда.

2. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы кайта суроо-талап түшкөнгө чейин 3 айлык мезгилге тете убакытта ошол эле адамга суроо-талап боюнча берилген маалыматка дээрлик дал келген суроо-талап боюнча маалыматты берүүдөн баш тартууга укуктуу.

3. Маалымат берүүдөн баш тартуу төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) маалымат берүүдөн баш тартууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине конкреттүү шилтемелер көрсөтүлгөн жүйөө;

2) маалымат берүүдөн баш тартууга карата даттануунун ыкмалары жана тартиби.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-16)
