# 14-статья. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 14-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-14

---

1. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө түшкөн маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөрү болсо документтерди тийиштүү формасында жиберүү аркылуу канааттандырылат.

2. Эгерде суроо-талап электрондук почта менен алынган болсо, анда суроо-талапка берилүүчү жооп маалымат сураган адамдын электрондук почтасынын дарегине жиберилет. Эгерде суратылган документтин электрондук варианты жок болсо, анда маалымат ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык башка формада жана маалымат алуунун башка ыкмалары менен берилет. Сурооталапка берилген жоопко суратылган документтердин файлдары тиркелиши мүмкүн же документтер менен материалдардын жеткиликтүү ааламдык түйүндөрдөгү электрондук версияларына айкын жана так шилтемелер көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде маалымат берүү тууралу суроо-талап факс менен алынса, суроо-талапты канааттандыруу үчүн талап кылынган документтердин көлөмү тоскоолдук кылбаса, ага жооп факс менен жөнөтүлүшү мүмкүн. Башка учурда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жоопто суроо-талап боюнча башка формада жана башка ыкмалар менен маалымат алуунун тартиби көрсөтүлөт.

4. Электрондук почта же факс боюнча алынган суроо-талапка берилген жоопту каттоо жана даярдоо жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-15)
