# 13-статья. Маалымат берүүгө байланышкан чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 13-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-13

---

1. Жарандардын жана уюмдардын суроо-талаптарына жоопторду даярдоо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан, ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда, акысыз жүзөгө ашырылат.

2. Маалымат берүү жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап жиберген адам суроо-талапка берилген жоопту жеткирүү боюнча почтанын кызматына атайын белгиленген акы төлөйт.

3. Маалымат берүү жөнүндө 5 беттен ашкан көлөмдөгү документтерди жана материалдарды же алардын бөлүктөрүн көчүрмөлөөнү талап кылган суроо-талаптар үчүн тийиштүү көчүрмөлөө кызматына алардын өздүк наркынан ашпаган акы төлөөнү карайт. Көчүрмөлөө кызматынын наркынын бирдиктүү прейскуранты жана аларды төлөө шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары калктын социалдык жактан корголбогон категориясына кирген адамдарды маалымат алгандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-14)
