# Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3455/edition/329148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу" (28.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202009

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-декабры № 212

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202009/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202009/st-12)

төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "12-статья. Зарыл колдонуу Ушул Кодексте каралган, администрациялык жоопкерчиликти белгилеген, бирок зарыл коргонуу учурунда жасалган, башкача айтканда, зарыл коргонуу учурунда инсанды, турак жайды, менчикти, жер участогун жана коргонуп жаткан же болбосо башка адамдын укуктарын коомдун жана мамлекеттин таламдарында мыйзам менен корголуучу укукка жат кол салып зыян келтирүүдөн коргоп жаткандагы аракеттер, эгерде мында зарыл коргонуунун чегинен аша чабууга жол берилбесе, администрациялык укук бузуу болуп саналбайт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202009/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2006-жылдын 14-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
