# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3453/edition/1276705/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 210 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202007

---

КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2006-жылдын 28-декабры № 210

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202007/st-1)

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

7-статьяда:

5-бөлүгүндөгү "баштапкы (нөлдүк)" деген сөздөр "биринчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-бөлүгүндө:

- экинчи абзацтагы "эњ аз айлык акынын 75 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 15 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацтагы "эњ аз айлык акынын 100 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 20 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:

"Эгер мугалимдин мурда алган үстөгү, тарифтик ставкадан процент менен белгиленген класс жетекчилик үчүн эмгек акыга үстөктүн өлчөмүнөн жогору болгон учурда, мурда белгиленген үстөк төлөнөт";

8-бөлүк 9-бөлүк деп эсептелсин;

9-бөлүктөгү "айлык акынын бир өлчөмүндө, айыл жеринде эки өлчөмүндө, чек ара райондорунда - үч өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202007/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202007/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
