# 9-1-статья. Евразия экономикалык бирлигинин алкагында озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны ташуу

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-9-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 9-1-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-9-1

---

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 1.1- жана 1.2-бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада Бажы бирлигине мүчө өлкөлөр ташып келишине же ташып кетишине тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегинин 1.1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга тыюу салынат. (КР 2014-жылдын 25-декабрындагы N 165, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-9)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-10)
