# 8-статья. Озон бузуучу заттар менен иштөө учурунда юридикалык жана жеке жактардын милдеттери

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 8-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-8

---

Озон бузуучу заттар менен иштөө учурунда юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларга жана ишчараларга ылайык озон бузуучу заттарды керектөөнү кыскартууга жана аларды керектөөнү толук токтотуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө; Кыргыз Республикасынын озон бузуучу заттар менен иштөө боюнча мыйзамынын талаптарын сактоого; рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озонду бузуучу заттарды өз учурунда чогултуу жана аларды жылчыксыз идиште сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгууга жана аткарууга; мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын талабы боюнча контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн колдо болгон озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны, ошондой эле озонду бузуучу заттар менен иштөө боюнча документацияны көрсөтүүгө; озонду бузуучу заттарды керектөөнүн белгиленген көлөмүнөн ашпоого; ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүгө жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырууга. Озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны өндүргөн, импорттогон жана (же) эскпорттогон юридикалык жана жеке жактар продукцияга "Озон үчүн зыяндуу" деген жазууну жазууга жана озон бузуучу заттар же озон бузуучу заттарды камтыган продукция сакталуучу же ташылуучу таңгакты ушундай жазуу менен так маркировкалоого, алардын коопсуз сакталышын жана ташылышын камсыз кылууга, ошондой эле товарды коштогон документацияда озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган озон бузуучу заттардын аталышын жана санын көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-9)
