# 7-статья. Озон катмарын коргоонун экономикалык механизми

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 7-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-7

---

Озон катмарын коргоонун экономикалык механизми төмөнкүлөрдү камтыйт: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды жана ишчараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну; озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды жана ишчараларды бюджеттик каражаттардын, озон катмарын коргоо боюнча эларалык фонддордун жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардын эсебинен каржылоону; озон үчүн коркунучсуз заттарды жана технологияларды пайдаланууга өтүүнү жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салуунун жана кредит берүүнүн жеңилдетилген режимдерин берүүнү; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү үчүн алынуучу лицензияга акы алууну.

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-61)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-8)
