# 6-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003#diff=937587..937588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 6-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-6

---

Озон катмарын коргоо жаатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча жергиликтүү программаларды жана ишчараларды иштеп чыгууну уюштурат, бекитет жана алардын аткарылышын координациялайт; озон катмарын коргоо жана озон бузуучу заттар менен иштөө маселелери боюнча тиешелүү жергиликтүү аткаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат; юридикалык жана жеке жактар озон катмарын коргоо боюнча, анын ичинде рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озон бузуучу заттарды өз учурунда чогултуу жана аларды жылчыксыз идиште сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгышына жана аткарышына көзөмөлдүктү ишке ашырат; озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-5)  
Кийинки берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-61)
