# 5-статья. Озон катмарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын компетенциясы

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 5-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-5

---

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат жана координациялайт; озон боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын ишине жетекчилик кылат; Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык озон бузуучу заттарды керектөөгө чектөөлөрдү белгилейт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгуу лицензиясын макулдашат, озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же лицензияда көрсөтүлгөн шарттар бузулган учурда уруксаттардын (лицензиялардын) колдонулушун убактылуу токтотот, жоет жана (же) аларды кайра чакырып алат; озон катмарын коргоого, анын ичинде озон бузуучу заттардын керектелишине мамлекеттик көзөмөлдү, ошондой эле рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озон бузуучу заттардын калдык санын бекем жабык идишке өз учурунда жыйноо жана сактоо боюнча ишчараларды иштеп чыгууга жана аткарууга такай көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча юридикалык жана жеке жактарга милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон милдеттендирүүлөрдү берет; эгерде айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка объекттерди пайдалануу озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырып жатса, аларды пайдаланууну чектөө же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат; эгерде юридикалык жана жеке жактар ишин озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу же одоно бузуу менен жүзөгө ашырып жатса, аларды жоюу жана ишин токтотуу, айрым өндүрүштөрдү, цехтерди жана башка объекттерди пайдаланууну токтотуу жөнүндө жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жана (же) доолорду сотко жөнөтөт; юридикалык жана жеке жактардын озон бузуучу заттардын эсебин алуусунун жана алар озон бузуучу заттар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашыруусунун тартибин аныктайт; озон бузуучу заттар жүгүртүүдөн биротоло чыгарылып салганга чейин алардын Кыргыз Республикасындагы калдык санынын эсебин жүргүзөт; озон катмарын коргоо жаатында эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат; озон катмарын коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-6)
