# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 25.12.2014 [Закон КР от 25 декабря 2014 года № 165 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране озонового слоя"](https://aqlex.ai/kg/doc/205386)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003#diff=937589..937590>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 4-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды кабыл алат; озон катмарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын аныктайт; Кыргыз Республикасында керектөө үчүн чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесин бекитет, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык алардын санын жана аларды керектөөнү кыскартуу (токтотуу) мөөнөттөрүн аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоо жана импорттоо тартибин аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоого жана импорттоого лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилейт; озон катмарын коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат; озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн корутундуларды (уруксат документтерин) берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле ал корутундулардын (уруксат документтеринин) колдонулушун токтотуунун тартибин жана шарттарын белгилейт; Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эң жогорку көлөмүн жана аларды пайдаланууну кыскартуунун же токтотуунун мөөнөттөрүн белгилейт; озон катмарынын мониторингин жүргүзүүнүн жана анын маалыматтарын пайдалануунун тартибин белгилейт; юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле озонду бузуучу заттарды камтыган жабдууларды жана техникалык түзүлүштөрдү түгөлдөөнү жүргүзүү тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озон катмарын коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2014-жылдын 25-декабрындагы N 165, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-5)
