4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн озон катмарын коргоо жаатындагы компетенциясы
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз компетенциясынын чектеринде: озон катмарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу программаларды кабыл алат; озон катмарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын аныктайт; Кыргыз Республикасында керектөө үчүн чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесин бекитет, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык алардын санын жана аларды керектөөнү кыскартуу (токтотуу) мөөнөттөрүн аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоо жана импорттоо тартибин аныктайт; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны экспорттоого жана импорттоого лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн белгилейт; озон катмарын коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат; озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн корутундуларды (уруксат документтерин) берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле ал корутундулардын (уруксат документтеринин) колдонулушун токтотуунун тартибин жана шарттарын белгилейт; Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эң жогорку көлөмүн жана аларды пайдаланууну кыскартуунун же токтотуунун мөөнөттөрүн белгилейт; озон катмарынын мониторингин жүргүзүүнүн жана анын маалыматтарын пайдалануунун тартибин белгилейт; юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле озонду бузуучу заттарды камтыган жабдууларды жана техникалык түзүлүштөрдү түгөлдөөнү жүргүзүү тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озон катмарын коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2014-жылдын 25-декабрындагы N 165, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 декабря 2014 года № 165 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране озонового слоя"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылат;
озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны алынып салынды: Бажы кошулду: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына … ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2014-жылдын 25-декабрындагы алынып салынды: № 165 Мыйзамынын редакциясына кошулду: N 165, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-4" title="4-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>