# 3-статья. Озон катмарын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 1-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111378)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003#diff=937587..937588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 3-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-3

---

Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын чектеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жүзөгө ашырат. Озон катмарын коргоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери жана багыттары төмөнкүлөр: озон катмарын коргоо жөнүндө Вена конвенциясын, Монреаль протоколун жана Кыргыз Республикасынын башка эларалык келишимдерин аткарууну укуктук, экономикалык, уюштуруу жана техникалык жактан камсыз кылуу; Монреаль протоколунун тараптары кабыл алган жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган өзгөрүүлөргө ылайык озон бузуучу заттардын жана озон бузуучу заттарды камтыган продукциялардын тизмесин тактоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү; Кыргыз Республикасында озон бузуучу заттар менен иштөө тартибин аныктоо; озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти лицензиялоо; озон катмарын коргоо боюнча ишчараларды каржылоону жана материалдык - техникалык жактан камсыз кылууну уюштуруу; мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосуна көзөмөлдү камсыз кылуу; озон катмарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чарасын (санкциясын) колдонуу; маалымат алмашуу, макулдашылган ишчараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максаттарында озон катмарын коргоого багытталган эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттар менен иштөө жаатында маалыматты эркин алып турууну камсыз кылуу. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-4)
