14-статья. Озон катмарын коргоо жагынан укук бузуулардын түрлөрү жана алар үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Төмөнкүлөргө күнөлүү жактар: Кыргыз Республикасында керектөө үчүн тыюу салынган озон бузуучу заттарды өндүргөндүгү; озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып келгендиги жана (же) анын чегинен тышкары жакка ташып чыккандыгы; керектөө үчүн тыюу салынбаган озон бузуучу заттарды камтыган аэрозоль продукциясын, өрт өчүрүү каражаттарын жана башка продукцияны багыты боюнча колдонуу аркылуу мындай заттардын абага чыгарылышын кошпогондо, озонду бузуучу заттар атмосферага чыгарылгандыгы; рециркуляциялоо же утилдештирүү максатында озон бузуучу заттарды өз учурунда чогултуу жана жылчыксыз идишке сактоо боюнча чараларды көрбөгөндүгү - үчүн күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында озон катмарын коргоо жагынан укук бузуулардын башка түрлөрү үчүн да жоопкерчилик каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-14" title="14-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>