# 12-статья. Озон катмарынын мониторинги

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 12-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-12

---

Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалына дайыма байкоо жүргүзүүнү, анын өзгөрүүлөрүн баалоону жана болжолдоону илимий-изилдөө институттарын тартуу менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат. Мониторингдин илим-изилдөө станцияларынын негизги миддеттери төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалын жана жерге жакын ультракызгылт күн нурларынын деңгээлин өлчөө, баалоо жана болжолдоо; озон катмарынын абалы жөнүндө маалымат банкын түзүү жана бул маалыматты кызыкдар мамлекеттик органдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана башка кызыкдар жактарга берүү; озон катмарынын абалы жөнүндө маалыматты башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эларалык уюмдар менен алмашуу; озон катмарынын мониторинги жагынан адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-13)
