# 11-статья. Озон бузуучу заттарды керектөөнү эсепке алуу жана маалымат берүү

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 11-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-11

---

Озон бузуучу заттар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте озон бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзөт жана алар менен иштөө боюнча отчеттуулукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы өндүрүлгөн, импорттолгон жана экспорттолгон озон бузуучу заттардын, анын ичинде продукцияда камтылган заттардын түрлөрү жана саны жөнүндө маалыматтарды жалпылайт, ар жылдык отчетту даярдайт жана Монреаль протоколунун Озон Катчылыгына жана Көп тараптуу фондуна берет.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-12)
