# 10-статья. Озон бузуучу заттар менен иштөө режими

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 10-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-10

---

Озон бузуучу заттар менен иштөө учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат: Лицензиясы жок озон бузуучу заттарды жана (же) озон бузуучу заттарды камтыган продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө же анын чегинен тышкары жакка ташып чыгууга; Кыргыз Республикасында керектөө чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесине киргизилген озон бузуучу заттар менен иштөөгө; керектөө үчүн тыюу салынбаган озон бузуучу заттарды камтыган аэрозоль продукциясын, өрт өчүрүү каражаттарын жана башка продукцияны багыты боюнча колдонуу аркылуу мындай заттардын абага чыгарылышын кошпогондо озон бузуучу заттардын абага чыгарылышына; Кыргыз Республикасында керектөө чектелген же тыюу салынган озон бузуучу заттардын Тизмесине киргизилген озон бузуучу заттар менен иштөөнү караган технологияларды, жабдууну, заттарды жана материалдарды пайдалануу менен объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо, техникалык жактан кайра жабдуу, кеңейтүү, жаңыларын куруу. Озонду бузуучу заттарды жана жабдууларды конфискациялоо бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-9-1)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-11)
