# 1-статья. Негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары

- Документ: [Озон катмарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202003)
- Документтеги орду: 1-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 206 "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 декабря 2014 года № 165 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране озонового слоя"](https://aqlex.ai/kg/doc/205386)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003#diff=937586..937587>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3449/edition/937586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202003/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Озон катмарын коргоо жөнүндө, 1-статья (29.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат: озон катмары - биологиялык коркунучтуу ультракызгылт күн шоолаларын сиңирип алуучу стратосферада жайгашкан атмосфералык озон катмары; озон катмарын коргоо - адамдын денсоолугун жана курчап турган чөйрөнү озон катмарынын бузулушунан келтирилген жагымсыз кесепеттерден коргоо максатында, озон катмарынын бузулушун четтетүү жана аны кайра калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар жүзөгө ашырып жаткан чаралардын тутуму; озонду бузуучу зат - озон катмарын коргоо жөнүндө 1985-жылдын 22-мартындагы Вена конвенциясынын (мындан ары - Вена конвенциясы) 1-тиркемесинде жана озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 16-сентябрындагы Монреаль протоколунун (мындан ары - Монреаль протоколу) А, В, С, Е тиркемелериндеги заттардын тизмесинде көрсөтүлгөн өзалдынча же аралашма түрүндөгү ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз зат - озон катмарына жагымсыз таасирди азайткан, жойгон же анын алдын алган ар кандай химиялык зат; озон үчүн коопсуз технологиялар - колдонуусу озон бузуучу заттардын абага чыгарылышын азайтууга же таптакыр болтурбоого мүмкүндүк бере турган технологиялар; рециркуляция - озон бузуучу заттарды кайталап пайдалануу максатында иштетүү; озон бузуучу заттар менен иштөө - өндүрүү, сатып алуу (сатуу), ташуу, сактоо, импорттоо, экспорттоо, утилдештирүү (зыянсыздандыруу), рециркуляция жана озон бузуучу заттарды пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрү; озон бузуучу заттарды керектөө - Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон, башка мамлекеттерге экспорттолгон озон бузуучу заттардан тышкаркы озон бузуучу заттардын, жалпы саны; озон катмарынын мониторинги - озон катмарынын абалына байкоо жүргүзүү системасы, ошондой эле анын өзгөрүүлөрүнө баа берүү жана болжолдоо; корлор - товарлар: кор бөлүктөрдү жана жабдууларды кошпогондо, деңиз (дарыя) кемелерин, ички сүзүү кемелерин, "дарыя - деңиз" сүзүү кемелерин, суу астындагы канаттары бар кемелерди, аба жаздыгы бар кемелерди жана чакан кемелерди, анын ичинде өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн лихтерлер менен баржаларды (мындан ары - суу кемелери), аба кемелерин жана поезддерди бара жаткан жолдо же арадагы токтотуучу жайларда же болбосо токтотуучу жерлерде ойдогудай пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон; суу кемелеринин, аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөр менен экипаждардын мүчөлөрү жана бул корлор сатыла тургандыгына же жоктугуна карабастан поезддерде жүргүнчүлөр жана поезд бригадаларынын кызматкерлери тарабынан керектөө үчүн арналган; суу кемелеринин, аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарынын мүчөлөрүнө ал кемелердин бортунда көрсөтүлгөн корлорду керектөө максаты болбостон сатуу үчүн арналган. озон бузуучу заттардын калдык саны - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озон бузуучу заттарды керектөөгө тыюу салынгандан кийинки алардын Кыргыз Республикасында болгон жалпы саны. (КР 2014-жылдын 25-декабрындагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202003/st-2)
