# 8-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу аскердик наамдар

- Документ: [Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-апрелиндеги № 35 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 06.04.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-189/edition/1277645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө, 8-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө: катардагы аскер кызматчысы (курсант); ефрейтор; кенже сержант; сержант; улук сержант; старшина; прапорщик; улук прапорщик; кенже лейтенант; лейтенант; улук лейтенант; капитан; майор; подполковник; полковник; генерал-майор; генерал-лейтенант; генерал-полковник; армиянын генералы деген аскердик наамдар ыйгарылат. Юридикалык, медициналык же ветеринардык аскердик-эсептик адистиктери бар жана ушул кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскердик наамдарына "юстициянын", "медициналык кызматтын" же "ветеринардык кызматтын" деген сөздөр кошулуп айтылат. Авиацияда кызмат өтөп жаткан офицердик куралдагы адамдардын аскердик наамдарына "авиациянын" деген сөз кошулуп айтылат.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-9)
