8-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу аскердик наамдар
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө: катардагы аскер кызматчысы (курсант); ефрейтор; кенже сержант; сержант; улук сержант; старшина; прапорщик; улук прапорщик; кенже лейтенант; лейтенант; улук лейтенант; капитан; майор; подполковник; полковник; генерал-майор; генерал-лейтенант; генерал-полковник; армиянын генералы деген аскердик наамдар ыйгарылат. Юридикалык, медициналык же ветеринардык аскердик-эсептик адистиктери бар жана ушул кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскердик наамдарына "юстициянын", "медициналык кызматтын" же "ветеринардык кызматтын" деген сөздөр кошулуп айтылат. Авиацияда кызмат өтөп жаткан офицердик куралдагы адамдардын аскердик наамдарына "авиациянын" деген сөз кошулуп айтылат.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202/st-8" title="8-статья - Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>