# 3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо

- Документ: [Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-апрелиндеги № 35 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 06.04.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202#diff=1277663..1277664>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-189/edition/1277645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө, 3-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-3

---

1. Аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, бажы кызматтарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:

- кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы жоокерден (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;

- орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;

- улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;

- жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.

2. Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;

- улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

3. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо камтыйт.

4. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.

5. Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунан тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;

- улук класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

6. Административдик кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто класстык чендер - муниципалдык кызматтын кенже инспекторунан тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспекторун кошо алганда;

- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.

7. Атайын класстык чендер төмөнкүдөй бөлүнөт:

- орто атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы юристти кошо алганда;

- улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кеңешчисинен тартып юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;

- жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.

8. Аскердик наамдардын, класстык чендердин, атайын класстык чендердин жана - атайын наамдардын өз ара катышы тиркемеге ылайык аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-4)
