# 101-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер

- Документ: [Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 6-апрелиндеги № 35 "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 06.04.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202#diff=1277663..1277664>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-189/edition/1277645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө, 101-статья (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-101

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:

- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:

- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;

- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.

3. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.

4. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-10)  
Кийинки берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202/st-102)
