101-статья. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ыйгарылуучу класстык чендер
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
101-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 101-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
3. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисине чейинки улук класстык чендер шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын, айылдык аймактын жетекчисинин, шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.
4. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисине чейинки жогорку класстык чендер республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчисинин, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарга ыйгарылат.";
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
101-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202/st-101" title="101-статья - Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>