Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «2013-жылдын 29-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым протоколдорун бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 7-февралы № 23
2013-жылдын 29-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым протоколдорун бекитүү жөнүндө
2013-жылдын 29-январында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 токтому менен дайындалган. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кадамжай, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2, 24-пункттарга, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө, 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 29-январында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэрин, Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу Кадамжай, Чүй, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин:
1) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаарынын мэри болуп - Пазылов Асанбай Табанович;
2) Чүй облусунун Чүй районундагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Тургуналиев Жаныбек Калыйбаевич;
3) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Турдукулов Исмаил Шамшиевич.
Айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу…Постановление · 10.01.2013 · № 3
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон