# КР Шалоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-февралындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 16-февралына дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шалоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-февралындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 16-февралына дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1223/edition/424897/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шалоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-февралындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 16-февралына дайындоо жөнүндө" токтому (01.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20189

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-февралы № 17

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 16-февралына дайындоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 4-бөлүккө, 49-беренесиндеги 4, 5-бөлүктөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоо 2013-жылдын 16-февралына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-февралындагы № 17 токтому менен бекиитилген

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайталап шайлоону өткөрүү графиги

№ к/н

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Шайлоо өткөрүү датасы

Кайра шайлоону өткөрүүнүн себеби

Чүй облусу

Жайыл району

Сосновка

16.02.2013ж.

Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген

Кемин району

Көк-Ойрок

16.02.2013ж.

Депутаттардын кворуму жок

Нарын облусу

Нарын району

Учкун

16.02.2013ж.

Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген

Баткен облусу

Лейлек району

Катран

16.02.2013ж.

Талапкерлер добуштардын зарыл санын алган жок

Ош облусу

Кара-Суу району

Ак-Таш

16.02.2013ж.

Депутаттардын кворуму жок

Алай району

Корул

16.02.2013ж.

Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген

Ноокат району

г.Ноокат

16.02.2013ж.

Депутаттардын кворуму жок

Өзгөн району

Ийри-Суу

16.02.2013ж.

2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

9 .

Отрадное

16.02.2013ж.

Эки талапкер добуштардын тең санын алышты

Ысык-Көл району

10.

Бостери

16.02.2013ж.

2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок

11.

Темир

16.02.2013ж.

2-турдун натыйжасы боюнча талапкерлер добуштардын керектүү санын алган жок

Тоң району

12.

Улахол

16.02.2013ж.

Депутаттардын кворуму жок

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон району

13.

Арстанбап

16.02.2013ж.

Добуштардын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” берилген
