# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1222/edition/420773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындоо жөнүндө" токтому (30.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20188

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-январы № 16 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктка, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 4-бөлүккө, 49-беренесиндеги 4, 5-бөлүктөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоо 2013-жылдын 12-февралына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т.Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 30-январындагы № 16 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону өткөрүүнүн ГРАФИГИ

Чүй облусу

| Ка- тар № | Айыл өкмөтүнүн аталышы | Шайлоону өткөрүү датасы | Кайталап шайлоону өткөрүүнүн себеби |
| --- | --- | --- | --- |
| Жайыл району |  |  |  |
| 1 | Полтавка | 12.02.2013-ж. | Депутаттардын кворумунун жоктугу |
| Москва району |  |  |  |
| 2 | Предтеченка | 12.02.2013-ж. | Добуштардын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" берилген |
| 3 | Петровка | 12.02.2013-ж. | Добуштардын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" берилген |
| Панфилов району |  |  |  |
| 4 | Кайыңды шаары | 12.02.2013-ж. | Катталган талапкерлердин жоктугу |
| Сокулук району |  |  |  |
| 5 | Жаңы-Жер | 12.02.2013-ж. | Добуштардын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" берилген |
| Ысык-Ата району |  |  |  |
| 6 | Кочкорбаев | 12.02.2013-ж. | Талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |

Нарын облусу

| Жумгал району |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 7 | Түгөл-Сай | 12.02.2013-ж. | Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |

Баткен облусу

| 8 | Баткен шаары | 12.02.2013-ж. | 2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |
| --- | --- | --- | --- |
| Кадамжай району |  |  |  |
| 9 | Масалиев | 12.02.2013-ж. | 2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |

Ош облусу

| Араван району |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 10 | Нурабад | 12.02.2013-ж. | Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |
| Алай району |  |  |  |
| 11 | Ленин | 12.02.2013-ж. | 2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |

Ысык-Көл облусу

| Ак-Суу району |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 12 | Теплоключенка | 12.02.2013-ж. | Добуштардын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" берилген |
| Жети-Өгүз району |  |  |  |
| 13 | Тамга | 12.02.2013-ж. | Эки талапкер бирдей сандагы добуштарды алган |

Талас облусу

| Бакай-Ата району |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 14 | Миң-Булак | 12.02.2013-ж. | Добуштардын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" берилген |

Жалал-Абад облусу

| 15 | Майлуу-Суу шаары | 12.02.2013-ж. | Депутаттардын кворумунун жоктугу |
| --- | --- | --- | --- |
| 16 | Жалал-Абад шаары | 12.02.2013-ж. | Депутаттардын кворумунун жоктугу |
| Аксы району |  |  |  |
| 17 | Кара-Жыгач | 12.02.2013-ж. | Депутаттардын кворумунун жоктугу |
| Сузак району |  |  |  |
| 18 | Кок-Жаңгак шаары | 12.02.2013-ж. | Депутаттардын кворумунун жоктугу |
| Тогуз-Торо району |  |  |  |
| 19 | Тогуз-Торо | 12.02.2013-ж. | Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес |
