Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-январы № 10 "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Эки саясий партиянын ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү учурунда Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесин бузууга жол берилгенине байланыштуу, жол берилген так эместиктерди жоюу максатында аймактык шайлоо комиссиясы саясий партиялардын ортосунда мандаттарды кайрадан бөлүштүрдү жана 2012-жылдын 22-декабрындагы жаңы протоколду кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесине, Ноокат аймактык комиссиясынын 2012-жылдын 22-декабрындагы протоколуна (тиркелет) ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 токтомунун "Замандаш-Современник" саясий партиясынан - Шеркулова Гульнара Беделовнаны жана "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан - Халмурзаев Эрмаматты Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутат деп бекиткен бөлүгү жокко чыгарылсын жана алар шайланган депутаттардын тизмесинен чыгарылсын (№ 2 тиркеменин 9-пункту, № 155 Токтом).
2. Ноокат шаардык кеңешине шайланган депутаттардын тизмесине "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Юнусова Назокатхан Абдимуталиповна, Жалалов Кадыр киргизилсин (№ 2 тиркеменин 9-пункту, № 155 Токтом).
3. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 22-декабрындагы протоколдору (№ 3, № 4 тиркемелер) жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.
4. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин документтерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана…Постановление · 15.12.2012 · № 155
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.