# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1210/edition/559828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (26.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2013-жылдын 10-январы № 3 (КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык) КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлангандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнө, 49-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
