# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1193/edition/488352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу" токтому (19.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20157

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 19-ноябры № 142 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобону Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү мөөнөттөрү жана шаардын мэрине талаптар өзгөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1, 2-пункттарды жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон Кыргыз Республикасынын жараны соттолгондугу алынып салынгандыгына же жоктугуна же жоюлгандыгына же жоктугуна карабастан шаардын мэри боло албайт.".

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Шаардын мэрин шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбестен дайындайт.";

- 6-пунктта:

- "бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен" деген сөздөр "10 календарлык күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календарлык күн калганда шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңыдан шайланган шаардык кеңештин биринчи жыйналышына чейин шаардын мэрин шайлоону дайындабайт.";

- 7-пунктта "25" цифралары "20" цифраларына алмаштырылсын;

- 29-пунктта экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат шаардык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал күн мурунтан түзүлөт, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилет.";

- 35-пункттун төртүнчү абзацына "эң азы же" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
