# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-ноябрындагы № 138 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-ноябрындагы № 138 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 12.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1189/edition/362272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-ноябрындагы № 138 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө" токтому (12.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20153

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-ноябры № 138 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш-аракеттеринин, статусунун жана ыйгарым укуктарынын тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредиттөө жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык байкоочу катары төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү аккредитациялансын:

- Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (1-тиркеме);

- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (2-тиркеме);

- Улуттук демократиялык институтунун (3-тиркеме);

- Эл аралык Республикалык институтунун (4-тиркеме).

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
