# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 3-ноябрындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 3-ноябрындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1187/edition/840886/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 3-ноябрындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому (09.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20151

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016 жылдын 9 ноябрындагы №197 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ деп табылсын

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-ноябры № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобо (тиркеме) бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
