Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-октябры № 130 Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын турмушка ашыруу максатында, ошондой эле жарандардын аңдап-түшүнүү менен эрк билдирүүсүн жана шайлоонун маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 3, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы жана Интернет-сайттар 2012-жылдын 22-октябрында кол койгон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумдун» тексти жактырылсын жана бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумга» кол койгон Интернет-сайттарга 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат берилсин (тизме тиркелет).
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Тиркеме
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн басма аянтты бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө билдирүү-катты жана маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын Интернет-сайттарынын
Тизмеси
1. «Акиpress»;
2. «Кабар»;
3. «Vести.kg»;
4. «24.kg»;
5. «КирТаг»;
6. «Knews»;
7. «Чалкан.kg»;
8. «Баракелде»;
9. «Vb.kg»;
10. «Super.kg»;
11. «Kloop»;
11. «Kyrgyztoday.kg».
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98