# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 128 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 128 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1179/edition/362330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы № 128 "Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу" токтому (30.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20143

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-октябры № 128 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу 2012-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 106 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө» Жобонун 38-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

3. Абасканов Алтынбек Джетыканович Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп эсептелсин.

4. Айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
