# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 24-октябрындагы № 127 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 24-октябрындагы № 127 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1178/edition/362328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 24-октябрындагы № 127 "2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому (24.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20142

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-октябры № 127 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин формалары бекитилсин (1-тиркеме, № 1, № 2 формалар).

2. 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендердин коргоо даражасы бекитилсин (2-тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы "2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" № 30 жана 2012-жылдын 13-мартындагы "2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 7-февралындагы № 30 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" № 45 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
