Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 ноября 2016 года № 190 "О признании утратившими силу некоторых решений Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-11-06.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016 жылдын 6 ноябрындагы № 190 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-октябры № 118 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттарды максаттуу чыгымдоосуна контролду жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 12-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) 2012-жылдын 31-январындагы № 19 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобого ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Т.Асаналиев контролдук-текшерүү тобунун жетекчисинин милдеттеринен, ага жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчисинин милдеттери жүктөлгөндүгүнө байланыштуу, бошотулсун.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматов Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси болуп дайындалсын.
3. Контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси "Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобу жөнүндө" Жобого ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобунун курамы боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 06.11.2016 · № 190
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.09.2012 · № 204 · Күчүн жоготкон